Жаңылыктар
Улуттук банк “Кыргыз каганатынын доору” сериясындагы монеталарды чыгарат
Экономика
Улуттук банк “Кыргыз каганатынын доору” сериясындагы монеталарды чыгарат

Улуттук банк 2016-жылдын 20-декабрынан тарта “Кыргыз каганатынын доору” сериясындагы бир нече монеталарын чыгарганы жатат. 

Тактап айтканда “Кыргыз каганатынын жеңил куралданган жоокери” коллекциялык күмүш жана жез-никель монетасы жана “Кыргызстандын Кызыл китеби” сериясындагы “Айгүл гүлү” коллекциялык монетасы жүгүртүүгө чыгат. 

Улуттук банк өкүлдөрү билдиргендей, бул монеталардын жүгүртүүгө чыгарылышынын максаты - тарыхый окуяларга татыктуу баа берүү жана маданий байлыктарды кеңири жайылтуу болууда. 

Айгүл гүлү менен жаачы жоокердин келбети монета бетине өзгөчө технология менен түшүрүлгөн. Арткы жак бетинде болсо Кыргыз Республикасынын герби чегилген.