Жаңылыктар
Элчи Карловду өлтүрүүнүн артында ким турат?
Дүйнө
Элчи Карловду өлтүрүүнүн артында ким турат?

Тышкы саясат демекчи, Кыргызстандын кызыкчылыгын Түркияда коргоп жүргөн элчи Ибрагим Жунусовду кудай сактады. Тагыраак айтканда, кечээ күнү сүрөт көргөзмөсүнө барган жеринен Орусиянын Түркиядагы элчиси киши колдуу болуп көз жумду. Окуя болгон жерде кыргыз элчиси да бар болчу. Орусия Түркиядагы өз элчисин өлтүрүүнүн аркасында ким тураарын билиши керектигин Путин каргашалуу окуя боюнча сүйлөп жатып билдирди. Өз кезегинде Түркия бийлиги кылмышкерлердин бул аракетин эки өлкө ортосундагы чагымчылдык катары баалады. Ал арада элчини өлтүргөн кылмышкердин үй-бүлөсү Түрк полициясы тарабынан кармалып, иликтөө иштери жүрүп жатат. 

“Орусия түрктөрдүн көзү менен” деп аталган көргөзмө алгач тынч маанайда башталган. Анда алгачкылардан болуп сөз сүйлөгөнгө Орусиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карлов чыккан. Тасмада көрүнгөн анын артында турган жаш жигит бир нече убакыттан кийин тапанчадан ок чыгарган.
Орус элчиси атылган октон тирүү калган жок. Ок чыгаргандан кийин жан кечти бир нече мүнөт бою араб жана түрк тилдеринде “Муну Алеппо жана Сирия үчүн жасап жатабыз” деп кыйкыра баштаган. Аны түркиянын атайын кызматынын адамдары жок кылышты, бирок орус элчиси ооруканага жетпей каза болду.
Расмий Москва аталган окуяны теракт катары баалады. Ал эми орус президенти Владимир Путин, Карловду өлтүрүүнүн артында ким тураарын сөзсүз билишибиз керек деди. Ал ошондой эле тергөө иштерине жардамдашуу үчүн орусиялык өкүлдөр жөнөтүлөөрүн билдирди.
 Ал арада түрк бийлиги муну эки өлкөнүн ортосуна бүлүк салгысы келген чагымчыл террордук күчтөр жасап жатканын билдирди. Түркия полициясы көп өтпөй, кылмышкердин үй-бүлө мүчөлөрүн камакка алды. Белгилей кетсек элчини аткан эргул иш-чарага полиция кызматкеринин күбөлүгүн көрсөтүп кирген. Бирок Түркиядагы мамлекеттик төнкөрүш аракети жасалгандан кийин полициядан бошотулганы айтылууда.