Жаңылыктар
Кыргызстан менен Индия терең кызматташтыкка кызыкдар
Саясат
Кыргызстан менен Индия терең кызматташтыкка кызыкдар

Президент Алмазбек Атамбаев Индияга болгон иш-сапарынын алкагында бүгүн бул өлкөнүн президенти Пранаб Мукерджи жана премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыктын негизги багыттары боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.  Жолугушуулардын жыйынтыгында жети документке кол коюлду. Алар туризм, медицина, айыл чарба, ишкерлик жана инвестиция жаатындагы кызматташтыкка багытталган. 

Президенттин визити мамлекеттик макамга ээ. Дипломатияда бул мейман тосуунун жогорку деңгээлдеги түрү болуп саналат. Мисалы расмий иш сапарларда тосуп алуулар ардак кароол жана оркестрдин коштоосу жок эле өтөт. Ал эми жогорку денгээлдеги визитте эки өлкөнүн гимни да жаңырат.

 Бишкек менен Нью-Делинин ортосунда бекем кызматташтык мамиле өткөн жылы эле жанданган. Бул жолу аны жогорку деңгээлге чыгаруу жана жемиштүү жыйынтык жасоого аракет болууда. Алмазбек Атамбаев менен Моди биргелешкен иш оң жагынан чыгып жатат деген ишенимде.
 Алмазбек Атамбаев Кыргызстан менен Индиянын ортосунда соода айлантуунун көлөмүн жогорулатуу керек деп эсептейт. Бул үчүн көптөгөн маселелерди чечүү керек, эң башкысы логистика боюнча.
 Жыйынтыгында 7 документке кол коюлду. Кол коюлган документтер:

1.Өкүлдөрдүн Биргелешкен билдирүүсү;

2. КР Өкмөтү менен Индия Өкмөтүнүн ортосундагы туризм чөйрөсүндө кызматташуу тууралуу Меморандум;

3. КР Өкмөтүнүн алдындагы Жаштар иштери, спорт жана дене тарбия боюнча мамлекеттик агентчилик менен Индия Жаштар жана спорт министрлиги ортосунда жаштар саясаты чөйрөсүндө кызматташуу тууралуу Меморандум;

4. КР Айыл чарбасы, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен Индия Республикасынын айыл чарбасы жана фермерлердин бакубатчылыгы министрлиги ортосунда айыл чарбасы жана тамак-аш өнөр жай чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө Келишим;

5. Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Дайыр Асанов атындагы Кыргыз аскер лицейи менен Индия Республикасынын Улуттук кадет корпусу ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;

6. КР ТИМ Дипломатиялык академиясы менен Индия ТИМ Тышкы байланыш институту ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;

7. Телерадиоберүү жана аудиокөрсөтүү продукциялары менен алмашуу чөйрөсүндө КТРК менен «Прасар Бхарати» ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум.  

Индия менен экономикалык кызматташтык азырынча жетиштүү деңгээлде эмес. Соода-сатык жүргүзүү аз, мунун менен майда-барат ишкерлер гана алектенип келет. Соода айлантуунун көлөмү 23 млн. доллардын гана тегерегинде, бул өтө чоң эмес көрсөткүч. Өкмөт өкүлдөрү белгилегендей кызматташтыктын келечеги алдыда.