Жаңылыктар
Билим берүү-артыкчылыктуу тармак катары белгиленген
Ден соолук
Билим берүү-артыкчылыктуу тармак катары белгиленген

Мамлекет башчы тарабынан бекитилген өлкөнүн туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында билим берүү тармагы артыкчылыктуу тармак катары белгиленген.

Бул тууралуу  Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусуна жасаган иш-сапарынын алкагында Жон-Булак айылындагы жаңы типтеги мектептин ачылыш салтанатында белгиледи. 

Айтымында, быйыл билим берүү тармагын каржылоо 36 миллиард сомго дейре жогорулатылган. 

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков  жумушчу сапар алкагында  аймактагы социалдык обьектердин курулушу менен жеринде таанышып чыкты. 

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"