Жаңылыктар
ЖК: ММКга байланыштуу мыйзам кызуу талкууда
Саясат
ЖК: ММКга байланыштуу мыйзам кызуу талкууда

Массалык маалымат каражаттарына байланыштуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси кызуу талкууда. Демилгечилер өз сунуштарын өлкөнүн маалымат коопсуздугуна байланыштырып келишет. 

Айрым медиаэксперттер жаңы долбоор кабыл алынып калса телеканалдарга келе турган инвестицияларга тоскоолдук жаралат деп кооптонушат. Аталган маселе бүгүн парламенттик угууда талкууланды. 

Жыйынга катышкандардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен мыйзам долбоору парламентте экинчи окууда каралмай болду. Жаңы долбоор кабыл алынса баардык телеканалдар юстиция министрлигинен кайра каттоодон өтүшөт. 

Талап аткарылбаса соттун чечими менен жабылып калышы мүмкүн.

Калыгул Асамбаев, "Биринчи радио"