Жаңылыктар
Өрткө каршы күрөшүү кызматы ӨКМ курамына бириктирилет
Өзгөчө кырдаал
Өрткө каршы күрөшүү кызматы  ӨКМ курамына бириктирилет

Өзгөчө кырдаалдар министрлигин оптималдаштыруу өкмөттүн буйругуна ылайык жүргүзүлүп, аталган министрликке караштуу өрткө каршы күрөшүү кызматы агенттиги түздөн түз өзгөчө кырдаалдар министрлигине бириктирилет. Бириктирүү менен алдын ала эсептөөлөр  боюнча  18 миллион сом үнөмдөлүп, бул каражатка кошумча дагы өрткө каршы күрөшүү жана куткаруу кызматтары ачылат. 

Бул тууралуу маалымат жыйында өрткө каршы күрөшүү кызматы агенттигинин  өкүлдөрү  билдиришти. Оптималдаштыруу кызматкерлердин штаттык  бирдигине жана  эмгек маянасына таасирин  тийгизбейт дешет  алар. 

Эске сала кетсек, 16-декбарь  күнү  өрт  өчүрүү кызматынын ардагерлери өзгөчө кырдаалдар  министрлигиндеги  оптимизациянын жүргүзүлүшүнө  каршы чыгышып, 90 жылдык тарыхы бар  кызмат жоюлуп кетет деп  кабатыр  артышкан болчу. 

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"