Жаңылыктар
Жаңы жыл үй-бүлөлүк майрам
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы жыл үй-бүлөлүк майрам

Жаңы жылдын кирип келишине саналуу гана күндөр калды. Кыргызстандыктар бул майрамга эртелеп кызуу даярдык көрө баштады. 

Айрым кожейкелер дасторконду дүр дүйүм тамактарга толтурууга  шашылса, кээ бири  үй-бүлөлүк бюджетти эске алуу менен чакан тасмал жайууга кам көрүшүүдө. 

Ар бир үй-бүлө бул майрамды өзгөчө тосуп, дасторконду түркүн тамакка толтургусу келет. 

Бирок аны баары бюджеттик абалды жана эртеңки күндү  эске алуу менен сарпталса дешет эксперттер. 

Бегайым Абдыкадырова, “Биринчи радио”