Жаңылыктар
Путин: элчинин өлтүрүлүшү бул чагымчылдык
Дүйнө
Путин: элчинин өлтүрүлүшү бул чагымчылдык

Россиянын Түркиядагы элчисинин өлтүрулушүн Путин "карасанатайлык жана чагымчылдык" деп атады.  

Эске салсак,  Анкарада  Россиянын элчиси Андрей Карлов, 19-декабрда, Анкарада көргөзмөнүн  ачылышында  сүйлөп жаткан жеринен өлтүрүлгөн.  

Элчиге кол салган жаран эки жарым жыл полицияда иштеген. Бул  окуяга бир катар өлкөлөр реакция жасап, билдирүүлөрүн жарыялашты. Кыргыз Президенти Алмазбек Атамбаев да элчинин өлүмүнө байланыштуу Владимир Путинге көңүл айтты.

Эске салсак, 19-декабрда Анкарада жергиликтүү убакыт боюнча болжол менен саат 19:00дө "Орусия Калининграддан Камчаткага чейин: саякатчынын көзү менен" аттуу сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышында элчи Андрей Карловго полицияда 3 жылга чукул кызмат өтөгөн  Мевлют Мерт Алтынташ ок атып өлтүргөн.

Гүлбүбү Усенова, "Биринчи радио"