Жаңылыктар
Казинолор кайрадан ишке киреби?
Кыргызстан жаңылыктары
Казинолор кайрадан ишке киреби?

Жогорку Кеңештин депутаттары казинолорду кайра жандандыруу маселесин көтөрүшүүдө. 

Бирок бул ирет казинолорго кирип ойноо мүмкүнчүлүгү чет өлкөлүктөргө гана берилет.

Буга байланыштуу өлкөнүн экономика министрлиги “Манас” аэропорту тараптан казино борборун ачууну сунуштады. Учурда казинону ачууга көмөк бере турган инвесторлор дагы табылды.  

Кыргызстанда казинолордун иштешине бөгөт койгон  мыйзам долбоору 2012-жылы V чакырылыштын депуттары тарабынан  ишке ашкан. 

Эми кайрадан чет өлкөлүк жарандар үчүн кумар оюн борборлорун ачуу демилгеси VI чакырылыштын депутаттары тарабынан талкууланып жатат.

Бегайым Абдыкадырова, "Биринчи радио"