Жаңылыктар
Эртең А.Келдибеков, Д.Нарымбаев жана Х.Көркмазовдун соту болот
Коррупция
Эртең А.Келдибеков, Д.Нарымбаев жана Х.Көркмазовдун соту болот

Эртең 10-февралда Бишкек шаардык соту Ахматбек Келдибековдун жана Данияр Нарымбаев менен Хаджимурат Көркмазовдун иштерин карайт. Мурдагы спикерге Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгүн мыйзам бузуу менен ачкан деген жүйөө менен 3 миллон сом айыпка жыккан. 

Бирок, Келдибеков да, мамлекеттик айыптоочулар да буга макул болбой шаардык сотко кайрылышкан. Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев жана экс-депутат Хаджимурат Коркмазов болсо Нариман Түлеевдин жакындарына камактагы мүлктөргө байланыштуу чечим  чыгарууда көмөктөшүү үчүн пара алган деп айыпталышкан. Абакка кесилген алар өздөрүн актоону суранышууда.