Жаңылыктар
Таш-Көмүрдөгү шахтадан аман куткарылгандардын абалы туруктуу
Кырсык
Таш-Көмүрдөгү шахтадан аман куткарылгандардын абалы туруктуу

Шахтанын урандысында калып, биринчи куткарылган Дамир Талантбековдун жана  11 сааттан кийин аман куткарылган Дайырбек Баискуловдун ден-соолуктары жакшырып калганын дарыгерлер билдиришти.

Учурда кырсыкка кабылгандар Таш-Көмүр аймактык ооруканасында дарыланууда. 

Дарыгерлердин айтымында, жамбаш сөөгү сынган Дамир Талантбеков жакынкы күндөрү операциядан өтөт. 

Эскерте кетсек 16-декабрь күнү Таш-Көмүр шаарында жаңы ачылган көмүр шахтасынын карьеринде иштеп жаткан 4 адамды уранды басып калган. Кырсыктан улам экөө ошол жерден көз жумуп, экөө аман куткарылган.