Жаңылыктар
Бизнести өнүктүрүүнүн аракети
Экономика
Бизнести өнүктүрүүнүн аракети

Алмазбек Атамбаев индиялык ишкерлерди Кыргызстандын базарына активдүү кирүүгө чакырып, жакында баш мыйзамдагы өзгөртүүлөр күчүнө кирсе өлкөдө бизнеске бекем колдоо болорун билдирди. Анын ичинен күч органдарынын бирөөсү да бизнести текшерүүгө укугу болбойт, бул иш менен бир гана салык кызматы алектенет. 

Кыргыз-индия бизнес формунуна мынча көп адам келет деп эч ким күткөн эмес. Жүздөн ашык индиянын ишкерлери келген жерге Кыргызстандан 30дай бизнесмен барган. Көпчүлүгү ири жана чакан компаниялардын жетекчилери.



Бизнес форум- бири-бири менен байланыш түзүп, керектүү адамдарды таап же жөн гана кеңеш алуу үчүн эң жакшы аянтча. Соода айлантуунун көлөмү аз болгондуктан Индия азырынча кыргыз бизнеси үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүп бере албайт. Бирок ишкерлерде бири- бири менен иш алып баруу ниети жана кызыкчылыктар чоң.

Кыргызстан экономиканын негизги бир канча багыттарын аныктаган. Индиянын миллиарддан ашыгыраак калкы бар, ага жараша каражат жа көп көлөмдө айланат. Бул мамлекет көп тармактар боюнча лидер болбосо да, атаандаштарына тең тайлашууга күч кубаты жетиштүү.

Кыргыз ишкерлери логистикалык бизнести өздөштүрүшкөн. Анын бири дары-дармек ташуу менен алектенет. Адистердин пикиринде Индия сапаттуу жана өтө кымбат эмес дары-дармектерди өндүрөт.

Бизнес форумга президент Алмазбек Атамбаев да катышып, ишкерлерге Кыргызстан азыр такыр башка өлкө экенин жеткирүүгө аракет кылды. Мамлекеттин негизги максаттарынын бири - бизнести коргоо дейт өлкө башчы. Жана жакында эле өткөн Конституциялык реформа мамлекеттик мекемелердин бизнеске негизсиз кийлигишүүсүн токтотуу үчүн жасалганын белгиледи.
 
Айрым ишкерлер 6 миллион калктуу Кыргызстанга инвестиция салуу пайдасыз деп ойлошу мүмкүн. Бирок Алмазбек Атамбаев өз сөзундө биздин өлкөгө кирүү менен ишкерлер ири базарга чыгууга мүмкүнчүлүк аларын түшүндүрдү.

Учурда Кыргызстандын экономикасындагы Индия ээлей турган орунду башка мамлекеттердин ишкерлери алмаштырууда. Ошол эле индия чайын бул өлкөнүн эмес, түркиялык компаниялар алып келүүдө. Андыктан Алмазбек Атамбаев Индиянын ишкерлерин активдүү иш алып барууга чакырды. Форумга келген Индиянын илим жана технология министри өлкө башчынын сөзү бизнес коомчулугу үчүн чоң дем күч экенин билдирди. Андыктан бул жаатта алдыда жакшы жыйынтык күтүүгө негиз бар.