Жаңылыктар
Ирандын президенти Кыргызстанга расмий сапары менен келет
Саясат
Ирандын президенти Кыргызстанга расмий сапары менен келет

Иран Ислам Республикасынын президенти Хасан Роухани Кыргызстанга расмий сапары менен келет. Сапар 22-23-декабрга белгиленген. Анын алкагында Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы кызматташтыкка жаңы дем бере турган бир топ документтерге кол коюлаары күтүлүүдө. 

Былтыр Алмазбек Атамбаевдин Иранга болгон расмий сапары эки өлкөнүн кызматташтыгына жаңы түрткү берди. Анын үстүнө экономикалык санкциялар алынгандан кийин соода-экономикалык байланышты күчөтүү аракети башталды. Кыргызстан менен Иран алаканы чыңдоодо. Анын үстүнө өлкө үчүн Иран артыкчылык бере турган мамлекеттердин бири. 78 миллион калкы бар Иран Жакынкы Чыгышта чоң рол ойногон өлкөлөрдүн катарында. Экономикасы өнүккөн Ислам мамлекети менен Кыргызстандын тышкы соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүктөрү бар.

Бул мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө президент Алмазбек Атамбаевдин былтыр Иранга жасаган расмий сапары чоң түрткү берди. Анан калса өлкө башчынын сапары Иран менен БУУ жана Европа мамлекеттеринин сүйлөшүүсүнүн негизинде экономикалык санкциялар алынгандан кийинки убакка туш келди. 


Эки өлкөнүн ортосунда быйыл 11 млн долларлык соода жүгүртүү болгон. Кыргызстан 130 тоннага чейинки этти экспорттосо, Ирандан мисте, суу май менен пластикалык буюм-тайымдар импорттолгон. Ал эми жалпы инвестициянын көлөмү 1 миллион долларга жетпеген каражатты түзөт. Эки өлкөнүн ишкерлеринин катышуусундагы бизнес-форумдан кийин тартыла турган инвестициянын көлөмү мындан да артат деп божомолдонууда.