Жаңылыктар
“Кыргызтелекомдун” жетекчисинин милдетин аткарууга Н.Мадаминов дайындалды
Кыргызстан жаңылыктары
“Кыргызтелекомдун”  жетекчисинин милдетин аткарууга Н.Мадаминов дайындалды

“Кыргызтелеком” ишканасынын жетекчисин милдетин аткарууга Нурлан Мадаминов дайындалды. 

Мындай чечим Директорлор кеңешинин шаршембидеги жыйынында кабыл алынганы белгилүү болду. 

“Кыргызтелекомдун” мурдагы жетекчиси Эмил Ешеналиевге кылмыш иши козголгондугуна байланыштуу кызматтан алынган. 

Ага өлкөдөгү интернетке болгон баанын кымбатташын иликтөөгө алган депутаттык комиссиянын корутундусу негиз берген.