Жаңылыктар
Россия Кыргызстанга нефти ташуу боюнча түзүлгөн келишимди ратификациялады
Кыргызстан жаңылыктары
Россия Кыргызстанга нефти ташуу боюнча түзүлгөн келишимди ратификациялады

Россиянын мамлекеттик думасы нефти ташуу боюнча Кыргызстан менен түзүлгөн келишимди ратификациялады. 

Эскерте кетсек, кыргыз-орус өкмөттөрү макулдашууга быйыл 6-июнда Бишкекте кол коюшкан. 

Документке ылайык, Кыргызстандын ички керектөөсү үчүн нефти жана мунай продукциялары пошлинасы жок ташылып келет. 

Тийиштүү органдар мунай затын канча көлөмдө ташып келүү керектиги боюнча сүйлөшүү жүргүзөт. 

Ал эми 2017-жыл боюнча тараптар макулдашкан. Ага ылайык, кийинки жылы Кыргызстанга 560 миң тонна бензин жана 390 миң тонна дизелдик май ташылат. 

Мындай маалыматты Орусиянын энергетика министрлиги билдирди.