Жаңылыктар
Мигранттардан келген акча каражатынын көлөмү былтыркы жылга караганда көбөйдү
Кыргызстан жаңылыктары
Мигранттардан келген акча каражатынын көлөмү былтыркы жылга караганда көбөйдү

Мигранттардан келген акча каражатынын көлөмү былтыркы жылга караганда көбөйдү. 

Бул туурасында миграция кызматы билдирди. Алардын айтымында мунун бирден бир себеби Кыргызстандын ЕАЭБке кирүүсү дешет. Анткени биримдикке киргенден бери Орусия менен Казакстанда иштеген мекендештерибиздин шарттары жакшырган. 

Ош шаарынын жашоочусу Гүлмира банка жолдошу салып жиберген акчаны алганы келген. Айтымында Орусияда иштеген жолдошу, көп убакыттан бери иштеп мээнет кылып тапкан каражатын мекенине жөнөтүп турат.

Бул жылы мигранттардан келген акчанын көлөмү байкалаарлык өскөн. Анын негизги себеби, Орусияда иштеп жаткан мекендештерге жакшы шарттардын түзүлүп жатканында.

Учурда Орусияда жашап жана иштеп жаткандардын саны 630 миңди чамаласа, Казакстанда 100 миңге жетет. Белгилей кетсек ЕЭАБ өлкөлөрүндөгү кыргыз мигранттары ал өлкөнүн жаранындай эле жумуш укуктарына ээ.
Мындан тышкары Кыргызстандыктар Түркияда, Бириккен Араб Эмираттарында, Түштүк Кореяда иштеп жатышат. Миграция кызматы учурда Жапония жана Германия менен да жумуш берүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Акыркы беш жыл аралыгында Кыргызстанга мигранттар тарабынан кирген акча өсүп жатат. Анын токсон пайызы Орусияда иштеп жаткан мекендештерибиздин салымы.