Жаңылыктар
Кыргызстан-Иран кызматташтыгы талкууланды
Саясат
Кыргызстан-Иран кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн өлкөгө Ирандын президенти келсе, кечээ мамлекет башчы Индиядан келди. 

Мамлекеттик сапардын жыйынтыгы менен эки өлкө 5 жылга эсептелген кызматташуу программасын иштеп чыгып, кабыл алмай болду. 

Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаков билдирди.

Ал ошондой эле Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы кызматташуу, бүгүн Кыргызстанга расмий сапар жасап жаткан Хасан Роухани менен сүйлөшүлүүчү маселелер жана Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга сапары боюнча маалымат берди.