Жаңылыктар
Жол кырсыгына кабылгандар көбөйдү
Кырсык
Жол кырсыгына кабылгандар көбөйдү

Кар калың жаап, көчөдө тайгалак болгондуктан адамдарды машина коюп кеткен учурлар көбөйдү. Балдар ооруканасында болсо, аварияга учурап келген балдардын саны да өстү.

Тайгак жолдо жогорку ылдамдыкта келе жаткан автоунаа жолдон өтүп бараткан аялды коюп кетип, айдоочусу из жашырган. Ал эми Ош базарынын айланасында 2 жаштагы баланы машина сүзүп кетип, ооруканага жеткирилген. 

Мындай окуяларды эсептей берсе, абдан көп.

Жол кайгуул милициясы эскертет: эгер сиз өз коопсуздугуңузду сактайм десеңиз, жолдор тайгак болгон учурда, шаардын ичинде 3-4 метр, ал эми тоолуу райондордо 500 метрге чейинки аралыкты сактап жүрүңүз.