Жаңылыктар
Аксылыктар кара өрүктүн кагын сата албай убайым чегүүдө
Экономика
Аксылыктар кара өрүктүн кагын сата албай убайым чегүүдө

Бишкекте жаштар картаң даракты издеп жаткан чакта, аксылыктар кара өрүктүн кагын сата албай убайым чегүүдө. Жайы менен болгон аракет акталбай жатканын айтып Аксы районунун дыйкандары нааразы. Буга себеп кара өрүктүн наркы арзандап кетип, маңдай тер менен тапкан мээнет текейге айланып калды.  Айласы кеткенде кургатылган кара өрүктүн кагын сатууда өкмөт бааны жөнгө салып берсе дешет.

Буга чейин дыйкандар кургатылган какты Баткенге жеткирип, андан ары алып сатаарлар коңшу Тажикстанга өткөрүп келишкен. Коңшулар быйыл азыраак сурагандыктан наркы төмөндөп кеткен.

 Болбосо кургатылган кара өрүктүн баасы 180-200 смого чейин жеткен жылдар да жок эмес. Быйыл болсо 50 сомго чыкпай жатканы дыйкандардын нааразычылыгын күчөттү. Эми дыйкандар кагын кайда алып барып сатаары белгисиз.