Жаңылыктар
Терроризм беренелери менен соттолгондор үчүн абак жайы ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Терроризм беренелери менен соттолгондор үчүн абак жайы ачылды

Жазаларды аткаруу кызматы №27 түзөтүү мекемесинде терроризм жана экстремизм беренелери менен соттолгондор үчүн 180 кишиге ылайыкталган өзүнчө абак жайын ачты. 

Азыр мында 44 кылмышкер жазасын өтөп жатат.

Маалыматтарга таянсак акыркы жылдары терроризмге шектелип кармалгандардын саны көбөйүп, абакта отургандардын саны 200гө чамалап калган. Буга чейин экстремизм беренеси менен соттолгондор башка кылмыш кылгандар менен чогуу отуруп, аларга өз идеяларын жайылтып буруп кетүүгө кеңири мүмкүнчүлүк болгон.