Жаңылыктар
Авиакомпаниянын «кара тизме» көйгөйү өкмөттө каралды
Экономика
Авиакомпаниянын «кара тизме» көйгөйү өкмөттө каралды

Кыргызстандын авиакомпанияларынын «кара тизме» көйгөйү өкмөттө каралып, Унаа жана жол министрлигине кемчиликтерди чечүүнү тездетүү тапшырмасы берилди.

Учурда Евробиримдиктин «кара тизмесинде» КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстандын гана авиакомпаниялары кала берүүдө. Ага өлкө мындан 10 жыл мурда кирген болчу. 

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Транспорт жана жолдор министрлиги Жарандык авиация агенттиги менен биргеликте бир айдын ичинде коопсуз учуулардын өкмөттүк программасын Өкмөттүн Аппаратына бекитүүгө киргизүүсүн тапшырды. Ошондой эле жарандык авиациядагы кемчиликтерди үч жылдан кем эмес убакыт аралыгында чечүүнү да тапшырып, Эл аралык авиация комитетинин алдындагы Кыргызстандын мүчөлүк акысын төлөө талабын койду. Эске салсак, учурда өлкөнүн 36 авиалиниясы бар. Анын төртөө ички, калгандары эл аралык.

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"