Жаңылыктар
Ош шаарында 30 метрлик балаты орнотулууда
Кыргызстан жаңылыктары

Быйыл жаңы жыл Ош шаарында өзгөчө маанайда өтөт. Калаа бийлиги атайын майрамдык программа иштеп чыккан.

 Ага ылайык, борбордук аянтка майрамдын символу болгон жашыл балаты бул жылы өзгөчө дизайнда жасалгаланууда. 

Кыргыз орнаменти менен шөкөттөлгөн балатынын узундугу 30 метрге жетти. 

Мындан сырткары, балатынын айланасы балдар муз тебүүчү муз аянтчасы, ой-тилектерди кабыл алуучу дарак жана Кыргызстандын кооз жаратылышын чагылдырган сүрөттөр менен толукталат. 

Аянттагы бул көрүнүштү жасалгалоого атайын сынак жарыяланган. Жыйынтыгында 899 миң сомго бааланган кооздук жасалга утуп алган.