Жаңылыктар
Кайсыл мамлекет Россия менен ишенимдүү өнөктөш?
Саясат
Кайсыл мамлекет Россия менен ишенимдүү өнөктөш?

“КМШ өлкөлөрүнүн арасында кайсыл мамлекет Россия менен ишенимдүү жана өнөктөш, же кайсыл мамлекеттердин  Россия менен  ымаласы  анча эмес”,- деген  сурамжылоодо Кыргызстан 6-орунду ээледи.

Мындай сурамжылоону россиялыктар жыл сайын жүргүзүп келишет жана ага быйыл 1600дөй киши катышкан. Бул жолку сурамжылоонун жыйынтыгында россиялыктардын көпчүлүгү Россия менен ийгиликтүү иштешип жаткан өлкөлөрдүн сап башына Беларусияны көрсөтүшкөн. 2-орунда Казакстан, 3- орунда Армения, ал эми 6-орунга Кыргызстан көрсөтүлгөн. 

Ата-Мекендик талдоочулар  сурамжылоого катышкан  башка мамлекеттерге караганда, Кыргызстан  Россияга ар тараптан кызматташтык  жагынан алганда  3-орунду  ээлеши  керектигин белгилешип,  анын себептерин  баса  көрсөтүштү.  

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"