Жаңылыктар
Карасаевдин 115 жылдыгы белгиленди
Билим
Карасаевдин 115 жылдыгы белгиленди

Залкар окумуштуу, сөздүктүн атасы, кыргыз мамлекетин түптөөдөн тартып, тил илими, кыргыз басма сөзүн алгачкы түптөөчүлөрдүн бири, академик Кусейин Карасаевдин 115 жылдыгына арналган: “Кусейин Карасаев 20-калымдын  Махмуд Кашкариси” аттуу эл аралык  илимий-практикалык конференция Махмуд Кашкари-Барскани атындагы чыгыш университетинде өттү.  

Тилчи окумуштуу 17 тил билген, кыргыз, орус жана араб тилин мыкты жазып, сүйлөй билген. Кусейин Карасаев 1901-жылы Түптүн Токтоян айылында туулуп, бала кезинде айылдык молдолордон арабча сабаты жоюлуп, кийин 1923-жылы Ташкентте кыргыз-казак агартуу институтуна кирип, студент чагында, кыргыз тилинде тунгуч “Эркин–Тоо” гезитин чыгарууга катышкан. Ал 1998-жылы 31-январда, 97 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Бул өмүрүндө 40 жыл бою куугунтукка алынып, КГБнын көзөмөлүндө  турган кезде өз үйүндө бала-чакасы менен кыргыз тилинде сүйлөөго тыюу салынган учурду кызы Алтынай Карасаева эскерди.

Зинакан Кайыпова, "Биринчи радио"