Жаңылыктар
Алкобизнестеги монополия жоюлабы?
Экономика
Алкобизнестеги монополия жоюлабы?

Жогорку Кеңеште этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө байланыштуу мыйзам долбоору кабыл алынган жок. 

Эми аталган маселе парламенттин тармактык комитетинде кайра каралат. Демилгечи депутаттар долбоорду кабыл алууда кызыктар тараптар тоскоолдук  жаратканын билдирүүдө. 

Алардын жүйөөсүндө жаңы мыйзам кабыл алынса алкобизнестеги монополия жоюлмак. Ал эми каршы чыккандар демилгечилер сунуштаган эреже сапатсыз продукциянын өндүрүлүшүнө жол ачаарын белгилешти.

Өлкөдө арак чыгарган 10 ишкана болсо, учурда алардын 3 компанияга таандык жетөө гана иштейт.

Калыгул Асамбаев, "Биринчи радио"