Жаңылыктар
Чек ара аймагындагы 52 айыл өзгөчө макамга ээ болгусу келет
Саясат
Чек ара аймагындагы 52 айыл өзгөчө макамга ээ болгусу келет

Кыргызстанда чек ара аймагында жайгашкан 52 айыл өзгөчө макамга ээ болгусу келет. Бул тууралуу өкмөт жыйынында Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Жумагүл Эгембердиева билдирди. 

Анын айтымында учурда Кыргызстан боюнча жалпысынан 59 кыштак чек ара аймагындагы айыл деген өзгөчө макамга ээ. Ал арада чындыгында эле жардамга муктаж айылдар өзгөчө макамга ээ болбой  калгандыктан тизмени кайра карап чыгуу сунушталууда. 

Ошентип өкмөттүн кезектеги жыйынында өзгөчө макам алган айылдарды өнүктүрүү программасы талкууланып, тизмени кайрадан карап чыгуу сунушу айтылды. Жыйынтыгында Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Өкмөттүн Аппаратына иш-чаралар планындагы пункттар боюнча ар бир аким жана губернатордун отчётторун талап кылууну жана алар  тараптан кабыл алынган чараларга талдоо жүргүзүүнү тапшырды. Анын жыйынтыгы боюнча ар биринин ишине тийиштүү баа берилет.

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"