Жаңылыктар
Тарых жана маданият жылын мыкты чагылдыргандар сыйланды
Маданият
Тарых жана маданият жылын мыкты чагылдыргандар сыйланды

Тарых жана маданият жылына карата массалык маалымат каражаттарынын арасында мыкты материалдар үчүн сынак жарыяланган. 

Сыйлык тапшыруу аземи кечээ Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова жана Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциясынын жетекчиси Султае Раевдин катышуусунда өттү.

Кыргыз жергесиндеги совет убагында курулган маанилуу жайлардын баянын изилдеп, белгилүү инсандардын тарыхтагы басып өткөн жолдоруна кайрылган КТРКнын "Тарыхты тактайлы" көрсөтүүсү 1-орунга татыктуу болуп, авторуна атайын статуэтка менен акчалай сыйлык ыйгарылды.

Мындан бышкары 1-орундарга "Sputnik" маалымат агенттиги жана "Марал" радиосу илинип алар дагы жогоруда айтылган сыйлыктарга ээ болушту.

Аталган сынак Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциясы тарабынан уюштурулган.