Жаңылыктар
Президент Алмазбек Атамбаев Ирандын Президенти менен жолукту
Саясат
Президент Алмазбек Атамбаев Ирандын  Президенти  менен жолукту

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга расмий сапар менен келген Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роухани менен жолукту.

Мамлекет башчысы кыргыз жеринде көрүшкөнүнө кубанычта экенин белгиледи. 

Өз учурунда Иран Ислам Республикасынын Президенти "Биз дайыма кыргыз элин бизге окшош цивилизациясы бар, дос эл катары билебиз. 

Сиздин өткөн жылы Иранга расмий сапарыңыз биздин карым-катнаштардын жаңы горизонтторун ачкан»,- деп белгиледи. 

Ошондой эле бул сапар эки өлкө ортосундагы ар тараптуу карым-катнаштарды өнүктүрүүгө салым кошорун айтты.