Жаңылыктар
Ала-Бел ашуусунда кар көчкү түшүп, унааларга убактылуу чектөө коюлду
Өзгөчө кырдаал
Ала-Бел ашуусунда кар көчкү түшүп, унааларга убактылуу чектөө коюлду

Бүгүн эртең мененки саат 9.30дар чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун  "Ала-Бел" ашуусунда көлөмү 12 миң кубометрден ашык кар көчкү түштү. 

Жабыркагандар катталбаганын ӨКМдин маалымат кызматы билдирди. 

Учурда Транспорт жана жол министрлигинин кызматкерлери менен куткаруучулар тазалоо иштерин жүргүзүүдө. 

Ал эми бардык унааларга Чүй облусунун Жайыл районундагы “Сосновка” постунан өтүүгө убактылуу чектөө коюлду. 

Адистер болсо 23-24-декабрда туруксуз аба-ырайы күтүлүп, мезгил-мезгили менен кар жаап, кар көчкү түшүшү мүмкүн экендигин эскертүүдө.