Жаңылыктар
Бишкекте ок атышуу орун алды
Кылмыш
Бишкекте ок атышуу орун алды

Бишкек шаарындагы Ибраимов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде ок атылды. Бул тууралуу ШИИБтен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, «Хонда Фит» жана «Тойота 4runner» үлгүсүндөгү унаалардын айдоочулары өз ара келишпей уруша кетишкен. Жыйынтыгында «Хонда Фиттин» айдоочусун травматикалык курал менен бетке аткан. 

Учурда жабыр тарткан тарап ооруканага жеткирилип, дарыгерлер операция жасоодо. 

Ок атуу фактысы боюнча Свердлов райондук ИИБтин кызматкерлери Тимур аттуу жаранды кармап кетишти. Азыркы тапта иликтөө иштери жүрүүдө.