Жаңылыктар
Кыргызстан энелердин өлүмү боюнча алдыңкы өлкөлөрдүн катарында
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан энелердин өлүмү боюнча алдыңкы өлкөлөрдүн катарында

Кыргызстан энелердин өлүмү боюнча шериктеш өлкөлөрдүн арасынан 1-орунда турат. 

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, өлкөдө 100 миң аялдын 76сы төрөт учурунда каза болот. 

Ал эми, 2015-жылы өлкөдө 63 аял төрөт учурунда көз жумган. 

Эң көп көрсөткүч Жалал-Абад жана Ош облустарында. Андан кийин Чүй облусу менен Бишкек шаары турат. 

Дарыгерлердин айтымында, аялдар саламаттыгына көңүл кош мамиле кылгандан улам, энелердин өлүмү көп болууда.