Жаңылыктар
Кыргызстан-Иран: расмий иш сапары соңуна чыкты
Саясат
Кыргызстан-Иран: расмий иш сапары соңуна чыкты

Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роуханинин Кыргызстанга болгон расмий иш сапары соңуна чыкты. Бүгүн эки өлкөнүн лидерлери мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында жолугушуп, тар чөйрөдө жана кеңейтилген курамда жыйын өткөрүштү. 

Анда эки өлкө ортосундагы саясий, экономикалык жана маданият, туризм жаатындагы маселелер талкууланып, анын ичинен терроризмге каршы күрөш, энергетикалык долбоорлор жана Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан жана Перс булуңуна чейинки темир жол курулушуна басым жасалды. 

Жалпысынан жети документке кол коюлду. Мындан тышкары Алмазбек Атамбаев менен Хасан Роухани жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасашты.