Жаңылыктар
БУУ Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жогору баалады
Маданият
БУУ Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жогору баалады

Сентябрда өткөн 2чи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Ирандан келген спортчулар дагы катышкан. Көчмөндөр оюндары демекчи, быйыл Кыргызстанда өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Бириккен улуттар уюму тарабынан жогорку баага арзыды. 

Бул уюмдун башкы ассамблеясынын 67-сессиясынын жүрүшүндө атайын резолюция кабыл алып, Кыргызстанда өткөн көчмөн оюндары - диндер ортосундагы жана маданияттар аралык алаканы, тынчтыкты сактоо үчүн кызматташтыкты жана өз ара жылуу мамилени сактап өнүктүрүү жаатында эң мыкты иш-чара болгону баса белгиленди. 

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары маданияттар аралык диалогду өрчүтүүгө жана мамлекеттер аралык достукту бекемдөөгө шарт түзөт. Муну Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев сентябрь айында өткөн БУУнун Башкы ассамблеясынын 71-жыйынында билдирген. Ал - көчмөндөр оюндары экстремизм менен диний касташуулардын алдын алуу иштеринде дагы жакшы негиз боло алаарын айткан.

Эскерте кетсек, Бириккен Улуттар Уюму, Кыргызстанда өткөн дүйнөлүк көчмөн оюндарынын маданияттар аралык ынтымакты өнүктүрүүгө кошкон салымына экинчи ирет жогору баа берди.