Жаңылыктар
"Азия Mix" командасы Жогорку лиганын финалында жеңүүчү болду
Маданият
"Азия Mix" командасы Жогорку лиганын финалында жеңүүчү болду

Бишкектин "Азия Mix" командасы эл аралык КВН союзунун Жогорку лиганын финалында жеңүүчү болду. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты жазды. Москва шаарында өткөн финалдык оюнда, баш байге үчүн «Азия Mix», «Спарта», Мурманск шаарынын курамасы, Цирк курамасы жана «Радио Свобода» командалары таймашты. 

Мекендештерибиз жыйынтыктоочу жаңы жылдык фристайл сынагында ийгиликтүү өнөр көрсөтүп жалпы 10.9 упай топтоп, Жогорку Лиганын 2016-жылдагы чемпиону болушту. Экинчи орунду 10.6 упай топтогон Астананын "Спарта" командасы алды. Мурманск курамасы 10.4 упай менен 3-орунду ээледи.