Жаңылыктар
"Үркүн" тасмасы Түркиянын Стамбул шаарында көрсөтүлдү
Маданият
"Үркүн" тасмасы Түркиянын Стамбул шаарында көрсөтүлдү

Кино тарых жана маданият жылына, Үркүндүн 100 жылдыгына карата тартылган. Тасманы көргөнү Стамбулдун ар тарабындагы жана Ван аймагындагы кыргыздар болуп, жалпысынан 300гө жакын адам келди. 

Андан тышкары, Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл мамлекеттик тарыхый-маданий корук-музейинин жетекчиси Гүлүм Алымкожоева тарабынан көчмө көргөзмө уюштурулуп, мекендештер Үркүн темасына арналган сүрөттөргө күбө болушту.