Жаңылыктар
Путин: Кыргызстанга жардам
Саясат
Путин: Кыргызстанга жардам

Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын товарларын ЕАЭБдин аймагына экспорттоодо фитосанитардык нормалар боюнча көйгөй бар экенин жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйын учурунда билдирди. 

"Фитосанитардык көзөмөл ЕАЭБдин аймагына зыяндуу продукцияларды киргизбөө үчүн кабыл алынган. Учурда бул нормалар боюнча Кыргызстанда көйгөй бар. Бирок аны жоюу үчүн Россия өз жардамын көрсөтөт. Казакстан дагы тажрыйбасы менен бөлүшүп кол кабыш этет деп ишенем. Негизи бул бат эле жөнгө салына турган маселе", - деп билдирди Путин. 

Белгилей кетсек, кыргыз-казак чек арасына ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл коюлган. Евразиялык экономикалык комиссия Казакстанга кыргыз-казак чек арасындагы фитосанитардык көзөмөлдү ЕАЭБдин талаптарына ылайык алып салуу сунушун бергенден кийин, чек арадагы аталган көзөмөл алынган. Ал эми ветеринардык көзөмөл ушу кезге чейин алынбай келет.