Жаңылыктар
Президент "Азия MIX" командасын жеңиши менен куттуктады
Кыргызстан жаңылыктары
Президент "Азия MIX" командасын жеңиши менен куттуктады

Президент Алмазбек Атамбаев "Азия MIX" командасын КВНдин Жогорку Лигасындагы жеңиши менен куттуктады. Өлкө башчы өз сөзүндө алардын жеңиши жалпы кыргыз элине жаңы жылдык белек болгонун айтып, алар үчүн баары кубанып жатканын баса белгиледи. 

"Азия Mix" командасынын балдары бул жеңишке жетүүгө катуу даярданып, акыры көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн орун алды. Биздин команда шайыр жана тапкыч экенин бир гана калыстар тобу эмес, жалпы күйөрмандар дагы мойнуна алды. Жыйынтыгында биздин "Азия Mix" башкаларды артка калтырып мыктынын мыктысы аталды!", - деди өлкө башчы. 

Президент "Азия Mix" курама командасына ыраазычылык билдирип, алардын жеңиши кыргызстандыктардын сыймыгы болгонун баса белгилеп, аларга чыгармачыл ийгилик жана жаңы жеңиштерди каалады.