Жаңылыктар
Сочиде Россиянын Коргоо министрлигинин учагы кыйрады
Дүйнө
Сочиде Россиянын Коргоо министрлигинин учагы кыйрады

25-декабрда таң эрте Сочи жээктеринде Сирияга багыт алган Орусиянын Коргоо министрлигинин ТУ-154 үлгүсүндөгү учагы кыйрады. Анын калдыктары бир жарым чакырым алыстыкта табылган. 

Акыркы маалыматтарга таянсак,  учак Сочинин  Адлер шаарындагы аэродромдон көтөрүлгөндөн кийин радардан жоголуп кеткен. 

Анын бортунда 83 жүргүнчү жана экипаждын 8 мүчөсү болгон. Алардын көпчүлүгүн Сириядагы Россиянын аскер кызматкерлерине концерт кое турган ансамблдын музыканттары түзөт. Мындан тышкары 3 телеканалдын 9 журналисти болгон.

Деңизге кулаган учактан куткаруучулар 12 адамдын жансыз денесин таап чыгышты. Учурда издөө иштери уланып, кыйроого негиз жараткан нерселер иликтенүүдө.

 Булак: 1tv.ru