Жаңылыктар
Россияда аза күтүү күнү жарыяланды
Кыргызстан жаңылыктары
Россияда аза күтүү күнү жарыяланды

Россиянын президенти Владимир Путиндин буйругу менен бүгүн 26-декабрь кырсыкта каза тапкандарга аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Адлер шаарындагы аэродромдон көтөрүлүп, Сирияга бараткан Коргоо министрлигинин Ту-154 учагы 25-декабрда Кара деңизде кыйраган. 

Анын ичиндеги 92 адамдын баары курман болгонун орус бийлиги маалымдады. 

Арасында онго чукул журналист жана Александров атындагы ансамблдин 68 артисти, “Акыйкат жардам” фондунун жетекчиси бар болчу.