Жаңылыктар
“Иштамберди”: алгачкы алтын эритмеси алынды
Экономика
“Иштамберди”: алгачкы алтын эритмеси алынды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жайгашкан “Иштамберди” кенинен биринчи жолу 80 пайыздуу алтын эритмеси алынды.

Аталган кенди кытайдын “Фул Голд Майнинг” компаниясы казууда. Учурда кенде 700дөн ашуун жумуш орду түзүлгөн.

Куюлуп жаткан эритменин 80 пайызы алтын. Мындай көлөмдөгү алтынды бөлүп алуу үчүн жаңы технология колдонулуп, фабрика толугу менен заманбап шартка ылайыкташкан.

Быйылкы жылы компания 200 миң тонна руда иштетүүнү пландаштырган. 

Бирок электр энергиясынын жетишсиздигинен улам компания кыш мезгилинде фабриканы убактылуу токтот. Ал эми кен казуу иши улана берет.