Жаңылыктар
Чүй өрөөнүндө капустанын түшүмү мол болду
Экономика
Чүй өрөөнүндө капустанын түшүмү мол болду

Быйыл Чүйдүн Жаңы-Жер айыл аймагынын дыйкандары капустаны көп айдап, алган түшүмү да мол болду. 

Бирок капустаны пайдалуу баада сатууга мүмкүн болгон жок. Түшүмдүн бир бөлүгү талаада калып, кампада да үйүлүп турат.

Дамир Ормошев көп жылдан бери капуста эгип , түшүмүн да мол жыйнап келет. Бирок көпчүлүк айылдаштары сыяктуу эле жыл сайын алган түшүмүн пайдалуу баада сатууга мүмкүн болбогонуна нааразы. Быйыл да капустага болгон баа дыйкандарга ыңгайлуу болбой турат.
Түшүмдү ыңгайлуу баада сатуу жана сактоо маселелери чечилбегени менен Сокулук районунун Жаңы-Жер айыл округунун дыйкандары капуста өстүрүүнү улантаарын айтат. Дыйкандар өкмөт бул маселеге көңүл буруп, келерки жылы жагдайды жөнгө салууга жардам берет деген үмүттө.