Жаңылыктар
Аида Саляновага Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду
Кыргызстан жаңылыктары
Аида Саляновага Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду

Жогорку Кеңештеги "Ата-Мекен" фракциясынын депутаты Аида Саляновага Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду. Бул туурасында башкы көзөмөл органынын маалымат кызматы билдирет.  

 

Анда айтылгандай, Салянова Юстиция министринин милдетин аткарып турганда кызмат абалынан ашкере пайдаланып, кылмышка шектелген Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан деп шектелүүдө. 

Ошондой эле ишти козгоодо Башкы прокуратура улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин материалдарына таянганы айтылат. Саляновага “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деген берене боюнча иш козголуп, тергөө башкармалыгына иш өткөрүлүп берилди. 

Эскерте кетсек, 2010-жылы 28 июнда Салянова Юстиция министринин милдетин аткарып турганда Елисеевдин лицензиясын узартуу боюнча буйрукка кол коюп берген.