Жаңылыктар
Быйыл тыйын жутуп алган балдар көп катталууда
Ден соолук
Быйыл тыйын жутуп алган балдар көп катталууда

Балдар айрыкча айлана-чөйрөнү таанып билүүгө кызыкдар кезде оюнчуктардын майда бөлүкчөсүн, топчу, батарейка, тыйын, мончок, жадагалса ийне жана башка заттарды жутуп алышат. 

Быйыл ооруканага тыйын жутуп алган балдар көп түштү. Кызыл өңгөчтү тешип, өпкөгө же башка органдарга өтүп кеткен тыйындарды алуу үчүн өтө оор операциялар жасалат. 

Акыркы убакта тыйын жутуп алып келген балдардын саны эки эсеге өскөн. Былтыры 70тин тегерегинде болсо, быйыл 130дан ашып кеткен.

Жутулган тыйын кычкылданып, кызыл өңгөчтү оюп жиберет. Көп туруп калса сезгентип, ириңдете баштайт. Ал эми дем алуу органдарынын ириңдөөсү медицинада эң коркунучтуу делет.

Тили чыга элек балдардын бир нерсе жутуп алганын шилекейи агып, кусуп, ичи өткөнүнөн байкаса болот. Ал эми өпкөгө кеткенде, бала жөтөлүп, дем ала албай калат.

Мурда өпкө хирургиясы бөлүмүндө 1 гана хирург иштесе, азыр 3 дарыгер күнү-түнү иштеп жатат. Ал эми бул бөлүм республика аймагында жалгыз эле.