Жаңылыктар
Эми Мамлекеттик каттоо кызматы менен МИК биргелешип иштешет
Экономика
Эми Мамлекеттик каттоо кызматы менен МИК биргелешип иштешет

Мамлекеттик каттоо кызматы менен Мамлекеттик Ипотекалык Компаниясы биргелешип иш алып баруу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Ага ылайык, ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу пландалууда.

Тараптар Өкмөттүн «Арзан турак жай 2015-2020» программасынын алкагында кызматташаарын билдиришти. Учурда 764 миллион сом суммасындагы ипотекалык насыяны 557 жаран алууга жетишкен. 

Бүгүнкү күндө насыя берүү алды менен Билим берүү, Саламаттыкты сактоо, маданият жана социалдык кызматкерлерге берилүүдө.

Буга катар көп балалуу үй-бүлөөлөр, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын кайрылуулары дагы кабыл алынууда. Бул өнөктүктү өкмөт үзгүлтүксүз улантып, келерки жылы үйлүү болгондордун санын 3000ге чейин жеткирүү жагы пландалууда.

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"