Жаңылыктар
Эл аралык Айтматов сыйлыгынын лауреаттары белгилүү болду
Маданият
Эл аралык Айтматов сыйлыгынын лауреаттары белгилүү болду

26-Декабрда 2016-жылдагы “Эл аралык Айтматов сыйлыгынын лауреаттары белгилүү болду. Сыйлыкты Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык клубдар ассоциациясынын кеңеши 3– 4 жылда бир чыгармачыл адамдарга ыйгарып келет.  Бул жолу “Тарыхтын актай  барактары” эскерүү китеби үчүн Роза Айтматова, театрда чыгармачылыгы  үчүн   кыргыз эл артисти Акылбек Абдыкалыков жана жаш муундарга жайылтууда  уюштуруучулук эмгеги үчүн мектеп директору Аида Давлатова лауреат болуп  калды. 

Эл аралык Айтматов клубу,  кадимки Данте, Марк Твен, Есенин-деген клубдар  сыяктуу эле Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы, өмүрү улам кийинки муунга тереңдетилген мазмунда жеткирүүнү көздөйт.  Кинодо, театрда, китеп окуучулар арасында жана билим берүү мекемелеринде  жаш муундарга жайылтуу ишинде өзгөчө эмгеги бар адамдарга бул сыйлык ыйгарыла берерин айтты уюштуруучулар.

Зинакан Кайыпова, "Биринчи радио"