Жаңылыктар
Орус учагына кол салуу болдубу?
Дүйнө
Орус учагына кол салуу болдубу?

Сочиде кыйроого учураган Ту-154 учагынын техникалык  бузулуулардан, же учкучтун  каталыгынан улам болгон деген негизги версиялар айтылууда. Буга чейин  кыйроого учураган авиалайнерге теракт жасалышы мүмкүн деген   божомолдор айтылып жаткан эле, ал жоромол  адистер тарабынан четке кагылды. Россиянын транспорт министрлиги кыйроого учураган  учактын майда сыныктарга бөлүнүп кетишине Кара деңизде  агымдын катуу  экендиги  себеп болгондугун айтышууда. Россиянын президенти Владимир Путин өкмөт башчы Дмитрий  Медведевге  болуп өткөн  трагедиядагы бардык жагдайларга  иликтөө иштерин жүргүзүү боюнча өкмөттүк комиссия түзүү тапшырмасын берди. 

Маалыматтарга караганда, учурда Россиянын тергөө комитети кылмыш жана жаза кодексинин 351-“Учуу эрежелеринин бузулушу, же атайылап ага даярдануу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Белгилей кетсек, Россиянын  коргоо министрлигинин  Ту-154  учагы жекшемби күнү  таң эрте  кыйроого учурап, учакта жалпы 92  адам болгон.

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"