Жаңылыктар
Эт базары тууралуу чыр дале токтой элек
Кыргызстан жаңылыктары
Эт базары тууралуу чыр дале токтой элек

КТРКнын «Журналистик иликтөө» көрсөтүүсүндө ачыкталган борбор калаадагы эт базары тууралуу чыр дагы деле токтой элек. 

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 14-декбарында эфирге чыккан сюжетте Ош базарындагы эт саткан жерде өлгөн малдын эттери сатылып жатканы даана көрсөтүлгөн. 

Бул телеберүү коомчулукта резонас жаратты. 

Эт базарындагы баш аламан абал Өкмөткө, Жогорку Кеңешке чейин жетип, тийешелүү органдар тарабынан иликтөө иштери жүрүп жатат. 

26-декабрда сюжетте аты аталган ШЕР колбаса чыгарган ишкана өздөрүнүн азыгы таза экендигин айтып чыкты. 

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"