Жаңылыктар
Капустанын баасы төмөн болууда
Экономика
Капустанын баасы төмөн болууда

Сары Өзөн Чүйдүн Сокулук районундагы Жаңы-Жер айыл аймагы капустанын мекени катары белгилүү. Анткени аталган аймактын дыйкандары талаа өсүмдүктөрүнүн арасынан капустаны көп өстүрүүгө ык алышкан. 

Быйыл жергиликтүү дыйкандардын мээнетинин акыбети кайтып түшүм мол жыйналды. 

Тилекке каршы капустанын баасы төмөн болуп жаткандыктан, аны сатып өткөрүүдө көйгөй жаралууда. 

Учурдагы жагдайга карабай Сокулук  районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын дыйкандары келерки жылы капуста аянтын дагы  көбөйтүүгө үмүт артышат. 

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"