Жаңылыктар
Кулап түшкөн учактын “кара кутусу” табылды
Дүйнө
Кулап түшкөн учактын “кара кутусу” табылды

Орусиянын Сочиден учуп баратып Кара деңизге кулап түшкөн учактын “кара кутусу” табылды. Россиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, “кара куту” жабыркаган эмес жана ал иликтөөчү борборго жөнөтүлдү. 

Ал жээктен 1600 метр алыстыкта табылган. Эскерте кетсек, Орусиянын Ту-154 учагы Сочиде 27-декабрда кулап түшкөн. Бортундагы 92 адамдын баары набыт болгон. 

Эки күндүк издеп-куткаруу иш-чарасында 12 адамдын сөөгү жана 150дөй дененин бөлүктөрү табылган. 

Ошондой эле учактын да калдыктары, кыймылдаткычы табылганы айтылууда.