31-декабрь күнү "Тез жардам" кызматынын 38 бригадасы нөөмөткө чыгат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
"Тез жардам" кызматынын башкы дарыгеринин айтымында, кошумча дары-дармектер алынып, унаалар күйүүчү май менен камсыздалды.
Буга чейинки тажрыйба көрсөткөндөй 31-декабрь күнү тынч болот.
Ал эми 1-2-январь күндөрү чакыруулар көбөйөт. Ошондуктан кошумча консультанттар да жардамдашат.